Бүгүн, 7-апрелде премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтындагы 2002-жылкы Аксы окуяларында жана 2010-жылкы Апрель окуяларында курман болгондордун эстелик монументине гүл коюп, эскерди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде да президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик жетекчилери, Апрель окуяларынын катышуучулары, курман болгондордун туугандары 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын 6 жылдыгын эскерүү иш-чарасына катышышты.