Премьер-министр Темир Сариевдин атына транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улан Уезбаев Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча кырдаалга байланыштуу түшүнүк кат жазды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевдин "премьер-министр тендерде айрым компанияларды тандоо процедурасына аралашкан" деп айтканы чындыкка туура келбейт. Бардык процедураларда эч ким басым көрсөткөн жок. Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев бардык тиешелүү маалыматка ээ болгон жана Жол чарба департаменти мезгил-мезгили менен аны кабарлап турчу",- деп айтылат Уезбаевдин катында.
Анын билдиришинче, Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендерге 4 компания катышып, "Лонг Хай" аттуу кытайлык компания уткан. "Тендерден кийин текшерүүнүн жыйынтыгында бул компаниянын жол-курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берчү лицензиясы 2013-жылдан тарта узартылбаганы аныкталган",- дейт Уезбаев.