Конституцияда көрсөтүлгөн премьер-министрдин кызматтан кетүү жолдору
Учурда коомчулуктун көңүлү премьер-министр Темир Сариевдин отставкага кетиши же кетпеши тууралуу божомолдорго кадалып турган чагы. 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган КРнын Конституциясына ылайык, премьер-министр төмөнкү учурларда кызматтан кетет:
1. Парламенттеги көпчүлүк коалиция таркаган учурда;
2. Премьер-министр президенттин атына кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазганда;
3. Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, ал чечимди президент колдогон учурда.