Бүгүн, 11-апрелде өкмөттүн кезексиз жыйынында премьер-министр Темир Сариев отставкага кетерин жарыялап, өкмөттүн алдындагы акыркы сөзү 20 мүнөттөн ашык убакытка созулду. Бул жыйынга бардык министрликтердин, мамлекеттик кызматтардын жана агенттиктердин башчылары катышып, бир эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башчысы Аргынбек Малабаев келбей койду.
Т.Сариев өз сөзүндө өкмөттүн иши ар бир министрдин жеке жоопкерчилигинен жана ак ниеттүү иш алып баруусунан көз каранды экенин айтты. "Министр Малабаев менин, премьер-министр катары, ишенимимден чыкты. Ал өз ишиндеги кемчиликтерди моюнуна алып, аны оңдоонун ордуна, жоопкерчиликти башкаларга оодарууга аракет кылып, ар түрдүү жалган, негизсиз маалыматтарды таратуу менен алек болду. Менин ишенимимди жоготконуна байланыштуу Малабаевди кызматтан алууну президентке сунуштагам",- деди Сариев.
Айта кетсек, транспорт жана коммуникация министри А.Малабаев "Балыкчы - Корумду унаа жолун оңдоп-түзөө боюнча тендерде уткан компанияда премьер-министр Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болгон" деп айыптап келген.