Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Сооронбай Жээнбеков жаңы премьер-министр болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына Ак үйдөгү жеке булактар билдиришти.
Маалыматтарга таянсак, эгер парламент Сооронбай Жээнбековду премьер-министрликке жактырса, анын иниси, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ээлеген кызматынан кетип, КСДП фракциясын жетектей турганы айтылууда. Ал эми парламент төрагалыгына КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги каралып жатканы маалымдалды. Жээнбековдор династиясынын дагы бир өкүлү Жусупбек Шарипов учурда Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчиси кызматын аркалайт. Акаев мезгилинде Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген.
Айта кетсек, бүгүн, 11-апрелде өкмөттүн кезексиз жыйынында Темир Сариев премьер-министр кызматынан кетүүгө арыз жазганын жарыялап, президент анын отставкасын кабыл алган.