Индия Республикасы менен аскерий чөйрөдө кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 11-апрелде “2015-жылдын 12-июлунда Бишкекте кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскерий чөйрөдө кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 3-мартында кабыл алынган.

Макулдашуу төмөнкү багыттарда кызматташууну көздөйт:

- материалдык каражаттарды жана кызматтарды берүүнү ичине камтыган аскерий-техникалык кызматташтык, ошондой эле согуш техникасы боюнча эки тараптуу долбоорлор;

- мамлекеттик коргонуу ишканаларынын ортосундагы ар кыл чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты, технологияларды жана техникалык жардам берүүнү, окутууну, продукцияны биргелешип өнүктүрүү жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону ичине камтыган коргонуу өнөр жайы чөйрөсүндөгү кызматташтык;

- согуш илими жана технологиялар чөйрөсүндө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан