Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги бир добуштан жактырылды. Депутат Айнуру Алтыбаева SUPER.KG порталына билдиргендей, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун кызматтан кетери же кетпеши жакын арада чечилет.
Айта кетсек, КСДП фракциясынын жыйыны жабык эшиктин артында өттү. Буга чейин фракция лидери Чыныбай Турсунбеков "эгер Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болсо, Асылбек Жээнбеков парламенттин төрагасы кызматынан кетет" деп билдирген.