12-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Макулдашуу анык дипломатиялык же кызматтык паспорт ээлери үчүн башка тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, өтүү жана болуу үчүн 180 күн мезгил ичинде 90 күнгө чейинки мезгилге виза алуу талаптарынан бошотууну караштырат.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы акыркы убакта кыргыз-румын мамилелеринин деңгээли өсүп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жанданганы байкалып жаткандыктан, Сербия менен Кыргыз Республикасынын паспортторунун белгилүү категориялары үчүн визасыз режим киргизүү зарылчылыгы келип чыкканын билдирди.
Макулдашууну ратификациялоо эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу келишим-укуктук базаны кеңейтет, ал саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү шарттайт.