Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйыны өтүүдө. Анда бир эле маселе - Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин жактыруу же жактырбоо каралмакчы. Депутат Чолпон Султанбекованын айтымында, жыйында парламенттин төрагасы кызматына талапкерди сунуштоо маселеси талкууланбайт.
Айта кетсек, буга чейин КСДП фракциясы президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчы кызматына талапкерлигин бир добуштан жактырган.