Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги каралып жатат. Анда депутаттар Жээнбековго өз сунуштарын жана каалоо-тилектерин айтышууда.
Депутат Исхак Масалиевдин айтымында, буга чейинки өкмөт башчы парламент менен тыгыз иштеген эмес. "Сиз Жогорку Кеңеш менен тыгыз байланышта иштешсеңиз, кара жумушту аткарсаңыз. Сыналгыдан жана радиодон чыгып сүйлөө укугу бизде, депутаттарда гана бар",- деди Масалиев.