Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков ээлеген кызматынан кетерин жарыялады. Өз сөзүндө ал депутаттарга, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Парламент депутаттары аны туруп кол чаап узатышты.
Айта кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү А.Жээнбековдун агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин жактырган.