Жогорку Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо талаш-тартыш менен башталды

Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жалпы жыйынында депутаттар парламент төрагасын шайлоо маселесин көтөрүштү. "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, аталган фракция кечээ отурум өткөрүп, төрагалыкка фракция лидери Канат Исаевдин талапкерлигин сунуштоону чечти.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тынчтык Шайназаров парламенттин төрагасын шайлоо талапкерлерди каралоо аракеттери менен башталганын айтты. "Көпчүлүк коалициясынын келишимине ылайык, төрагалыкка талапкерди сунуштоо коалициянын отурумунда кабыл алынат. Урушпай, талашпай, ынтымакта чечим кабыл алсак. Бир талапкерди тандап, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына сунуштасак. Болбосо кара пиар башталды",- деди Шайназаров.

"Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров парламенттеги оппозицияга да төрагалыкка талапкерди сунуштоого мүмкүнчүлүк берүүнү суранды. "Бул маселени кийинки жумага калтырсак, биз дагы бир талапкерди сунуштайлы",- деп кайрылды Сабиров.

Жыйынтыгында төрагалыкка талапкерлерди кароо бүгүнкү жыйындын күн тартибине добуш берүү аркылуу киргизилди. Бул маселе түштөн кийин каралмакчы.

Айта кетсек, кечээ, 13-апрелде Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кеткен. Анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевдин жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерликтери каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан