Жаңы өкмөт башчы Жээнбеков кызматка киришти

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде өз милдеттерин аткарууга киришкенин өкмөттөн билдиришти. Жаңы өкмөт башчынын өз иши менен таанышуу аземине Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын лидерлери катышты. Ал эми президенттин аны кызматка дайындоо боюнча жарлыгын президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов окуп берди.

Жээнбеков президентке жана Жогорку Кеңешке ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эффективдүү иштеп берерин убудалады. Андан кийин Жээнбеков биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен өкмөт аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиевди жумуш ордуна узатып барып, иштерине ийгилик каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан