13-апрелде Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Өзбекстандын президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов менен жолугушту. КРнын Коргоо кеңешинен билдиришкендей, алар аймактык коопсуздук, Шанхай Кызматташтык Уюмунун иштери жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы пикир келишпестиктерди жоюу жолун издеп, мамилени бекемдөө маселелерин сүйлөшүштү. Эки өлкөнүн өкүлдөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин баса белгилешти.
Айта кетсек, бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун он биринчи жолугушуусу Ташкент шаарында өтөт.