Нурханбек Момуналиев Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугуна дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-апрелде кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди. Момуналиев кечээ президенттин башка буйругу менен өкмөттүн аппаратынын башчылыгынан бошотулган. Анын ордуна Акылбек Осмоналиев дайындалган.