Индира Жолдубаева Жаныш Бакиевдин маегин окуганын айтты

Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында 2015-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаеванын отчёту угулуп жатат.

Анын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев тууралуу суроо берди. "Жаныш Бакиев жакында бир гезитке маек берген экен. Анда ал Бакиевдерге карата күнөөлөр жасалма экенин жана соттук чечимдерге макул эместигин айтат. Прокуратура буга кандай көз карашта?"- деп сурады депутат.

Башкы прокурор аталган маекти окуганын билдирип, бул боюнча жеке пикирин айтты. "Маектешкен адам өзү соттолгон болчу. Прокуратура органдары соттук чечимдерге эч кандай баа бере албайт. Конституцияда мындай укук жок. Маекте көрсөтүлгөн фактыларды дагы бир жолу карап, бир чечим кабыл алабыз деп ойлойм",- деди Жолдубаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан