Президент Алмазбек Атамбаев оң рулдуу унаалардын жүргүнчү ташуусуна тыюу салууну 2020-жылга жылдырды. Тиешелүү мыйзамга кол коюлганын президенттик аппараттан билдиришти.
Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 3-мартында кабыл алган бул мыйзамдын максаты - рулу оң жагында жайгашкан транспорттук каражаттардын коммерциялык максаттарда жүргүнчүлөрдү, башка жүктөрдү ташуусуна тыюу салууну кийинкиге калтыруу.
Кабыл алынган мыйзам боюнча башкаруу рулу оң жагында жайгашкан транспорттук каражаттардын коммерциялык максаттарда жүргүнчүлөрдү, башка жүктөрдү ташуусуна тыюу салуу каралган “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнүн күчүнө кирүү мөөнөтү 2016-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-январына жылдырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.