Жогорку Кеңештин иш башкармалыгында 53 унаа бар. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде аталган башкармалыктын башчысы Алмаз Кожомкулов билдирди.
Анын айтымында, 2007-жылы жалпысынан 111 унаа болгон. "Айрым унаалар эскирип, жараксыз абалга келип, четтетилген. Башка унаалар өкмөткө берилген. Азыркы күндө Жогорку Кеңештин иш башкармалыгында 53 унаа калган. Токтомго ылайык, парламент төрагасына, анын орун басарларына бирден унаа берилген. Жогорку Кеңештин катчылыгына 6 унаа, иш башкармалыгына 6 унаа, төраганын аппаратына 8 унаа тапшырылган. Калган унаалар чет өлкөдөн келген конокторду ташуу үчүн колдонулат",- деди Кожомкулов.