КСДП фракциясы парламент төрагасы кызматына Канат Исаевди койгону жатат

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы парламенттин төрагасы кызматына "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевдин талапкерлигин колдогону жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде SUPER.KG порталына фракциядагы өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, учурда фракциялар ортосунда төрагалыкка талапкерлер жана төраганы шайлоо жолу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. "Бүрсүгүнү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төраганы шайлоо күтүлүүдө",- дешти булактар.

Айта кетсек, 13-апрелде Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Асылбек Жээнбеков анын агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке шайланып жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан кеткен эле. Учурда анын ордуна "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев же "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев келгени жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан