Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 18-апрелде өкмөттөн билдиришти. Уезбаев аталган кызматка 7-июлда келген.
Уезбаев буга чейин Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу боюнча тендердин айланасындагы ызы-чууга тиешеси бар экени айтылган. Ал "Транспорт жана коммуникация министрлигинин мурдагы жетекчиси Аргынбек Малабаев иш ордунда жокто тиешелүү келишимдерге кол коюп жиберген" деп айыпталып келет.