Парламент төрагалыгына талапкер Төрөбаев: "Фракцияларды позиция-оппозиция деп бөлбөйм"

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо процесси жүрүүдө. Анда эки талапкер: "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев өз программалары менен депутаттарды тааныштырууда.

"Эгер Жогорку Кеңеш мага ишеним көрсөтүп, төрага кызматына шайласа, фракцияларды позиция-оппозиция деп бөлбөйм. Биз, депутаттар, таза шайлоо аркылуу партиялык принципте шайландык. Шайлоо таза өткөнү үчүн президентибиз Алмазбек Шаршеновичке ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздө парламенттик башкаруу системи түзүлүп, регионалдык принциптен айрылдык. Алдыбызда бир топ маселелер турат, Жогорку Кеңештин алдында жаңы милдеттер турат. Азыркы парламенттин ролу өстү. Жогорку Кеңештин эл аралык кызматташтыгынын өнүгүшүнө мурунку төрага Асылбек Жээнбековдун салымы зор",- деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан