Парламенттик депутаттар тобу унааларды камсыздандыруу боюнча мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылга чейин узартуу демилгесин сунуштады.
Демилгечилердин берген маалыматына ылайык, акыркы жарым жылда экономикалык кырдаал кескин начарлады. "Бул экономикабыздын Евразиялык экономикалык биримдигинин шартында иштөөсүнөн, доллардын сомго карата кескин өсүшүнөн, азык-түлүк бааларынын өсүшүнөн, импорт көз карандылыгынан улам болууда. Жумушсуздуктун деңгээли жогорулап жатат. Жөлөк пул алган жарандардын абалы өзгөчө тынчсыздандырууда",- дешти демилгечилер.
Алардын айтымында, камсыздандыруу мыйзамдарынын күчүнө кирүүсү менен жарандардын, өзгөчө жакыр үй-бүлөлөрдүн чыгымдары көбөйүп, алардын материалдык абалына терс таасирин тийгизет. Мындан улам автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 7-февралына жылдыруу сунушталууда.
Талкуунун жүрүшүндө Мамлекеттик каржы көзөмөл агенттигинин башчысы Санжар Муканбетов мыйзамдарды 2019-жылдан тарта эмес, 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизүүнү сунуштады. Анын билдиришинче, камсыздандыруу компаниялары жер-жерлерде өз бөлүмдөрүн ачып, эки айдан бери даярдык көрүүдө.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.