ЖЫЛНААМА, 21-АПРЕЛЬ: Мындан 17 жыл мурун парламент жыйынында Амангелди Муралиевдин премьер-министрликке талапкердиги жактырылган

Азиянын чыгыш өлкөлөрүндө башталган 1998-жылкы экономикалык каатчылык Кыргыз Республикасына да таасирин тийгизбей койгон эмес. Кубанычбек Жумалиев жетектеген кыргыз өкмөтү каатчылыкка каршы жетиштүү чараларды көрө албагандыгына байланыштуу өлкөнүн экономикалык абалы татаалдашкан. Кырдаалдан чыгуу жолун издеген бийлик Кубанычбек Жумалиев жетектеген өкмөттү отставкага кетирген.
Анткен менен жаңы өкмөт башына келген Жумабек Ибраимовдун айыкпас оорунун айынан 1999-жылдын 4-апрелинде көз жумушуна байланыштуу өкмөттүк кризис кайрадан күн тартибине коюлган. Ошол кездеги президент Аскар Акаев өкмөт башына тажрыйбалуу Амангелди Муралиевди тандап, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаган. Кыргыз парламентинин 1999-жылдын 21-апрелинде өткөн жыйынында Амангелди Муралиевдин премьер-министрликке талапкердиги жактырылган.
21-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан