Транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп Эркинбек Осоев дайындалды

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп Эркинбек Осоев дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 27-апрелде өкмөттөн билдиришти.

Айта кетсек, министрдин буга чейинки орун басары Улан Уезбаев кызматынан 18-апрелде бошотулду. Уезбаев Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу боюнча тендердин айланасындагы ызы-чууга тиешеси бар экени айтылган. Ал "Транспорт жана коммуникация министрлигинин мурдагы жетекчиси Аргынбек Малабаев иш ордунда жокто тиешелүү келишимдерге кол коюп жиберген" деп айыпталып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан