Майлуу-Суу жана Балыкчы шаарларынын мэрлери шайланды

Кечээ, 25-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Эржигит Пасанов шайланды. Ал үчүн биринчи турда 9, экинчи турда 12 депутат добуш берген.
Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп "Республика-Ата Журт" партиясынан сунушталган Нурадил Маматов шайланды. Ал биринчи турда 31 добуш алган.
Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарындагы депутаттардын көпчүлүгү Алмаз Мамбетовго добуш беришти. Ал эми Токмок шаарында депутаттар кворумунун жоктугунан шайлоо өткөн жок.
Эске салсак, Ош шаарынын мэри болуп Айтмамат Кадырбаев шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан