Жогорку Кеңеште премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүүчү мыйзам долбоору каралып, 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Демилгечилер иштеп жаткан мыйзамда өкмөт мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотуу үчүн айрым негиздер (антты жана ченемдик-укуктук актыларды бузуу) белгиленгени менен, кызмат ордунан ким жана кандай тартипте бошотулары так аныкталбаганын айтышты. Мыйзам долбоорунда бул маселени чечүүнүн бирдиктүү тартиби белгиленүүдө: премьер-министрдин сунуштамасы боюнча президент өкмөттүн мүчөсүн, тагыраак айтканда, вице-премьерлер менен министрлерди кызмат ордунан бошотот.
Мындан тышкары “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” мыйзамга өкмөт мүчөсүнө ишенимди жоготууга алып келе турган аракеттерди же аракетсиздиктерди жасагандыгы үчүн аны кызматтан бошотуу мүмкүнчүлүгүн караган пункт кошулууда.