Депутат: "Мектептерде түрмөдөгү "смотрящий", "паровоз" деген сөздөр колдонулуп калды"

"Мектептерде түрмөдөгү "смотрящий", "паровоз" деген сөздөр колдонулуп калды",- деди бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова.

Анын ою боюнча, өз өмүрүн кыйган мектеп окуучуларынын көбү уул балдар. "Мектептерде криминалдык систем орнотулуп, окуучулар "смотрящий" делгенди сыйлашат. Рэкетчиликтен, зордук-зомбулуктан улам уул балдар өзүн өзү өлтүргөн окуялар болгон. 2015-жылы мектептерде рэкетчилик жоюлду деп жарыяланган эле. Учурда мектептерде рэкет барбы?" - деп сурады билим берүү жана илим министринен Султанбекова.

Министр Эльвира Сариева бүгүнкү күндө мектептерде рэкетчилик бар экенин айтты. "Акыркы жылдары өз жанын кыйган эркек балдардын саны азайды. Өз өмүрүн кыюуга негизги себеп ата-энеси менен урушуп кетүү болуп жатат. Мектептерде суициддердин алдын алуу максатында класстык сааттар жүргүзүлүп, ата-энелер менен бул маселе талкууланып жатат", - деди Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан