Беларусь бийлиги Курманбек Бакиевди кыргыз мамлекетине бербейт

Беларусь качкын президент Курманбек Бакиевди Кыргыз Республикасына кайтарып бербейт. Муну аталган өлкөнүн прокуратурасынын өкүлү айтканын 27-майда орусиялык маалымат булактары жазышты.

"Курманбек Салиевич Бакиев - Беларусь жараны. Дүйнөлүк тажрыйбадан улам белгилүү, Беларусь өзүнүн жарандарын башка өлкөлөргө бербейт. Кыргыз тарап буга чейин суроо-талаптарды жиберген. Алар каралып, бирок канааттандырылган эмес", - дейт прокуратура өкүлү.

Курманбек Бакиев 2010-жылкы революциядан кийин Беларустан баш калка алган, 6 жылдан бери ошол өлкөдө жашайт. Маал-маалы менен маалымат булактарына маек куруп, кыргыз жериндеги саясий абалга көз карашын айтып келет. Кыргыз мамлекети аны кайтарып ала албай жатат. 2013-жылы Бишкек гарнизондук аскер соту Курманбек Бакиевди 24 жылга сыртынан соттогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан