Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-майда чек арачыларды кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады. Президенттин куттуктоосунда булар айтылат:
“Урматтуу чек арачылар!
Кадырман ардагерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чек арачынын күнү менен куттуктайм!
Көз карандысыздыктын кадырын, баркын билген жана өз бүтүндүгүнүн камын көргөн мамлекет үчүн чек араны кайтаруу эң маанилүү милдет болгон жана болуп кала берет. Ал эми чек арачы болуу - эрдикти, чыдамкайлыкты, чыныгы кесипкөйлүктү талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат. Алар көп учурда ден соолугун жана өмүрүн тобокелчиликке салып, катаал шарттарда: алыскы чек арада жайы-кышы, күн-түн дебей кызмат өтөшөт. Чек арачылардын катарында өмүрү кылдын учунда турса да ар качан "чек арачы" деген улуу милдетти так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза, жүрөгү элим, жерим деп соккон чыныгы азаматтар көп. Алар элибиздин сыймыгы!
Кыргыз өлкөсүнүн элинин атынан ак ниет кызмат өтөп жаткан бардык чек арачыларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.
Биздин чек арачыларыбыздын күжүрмөн аракети менен бүгүн Кыргыз Республикасы өз чек арасын ишенимдүү көзөмөлдөп турат. Алар эл аралык террорчуларга жана экстремисттерге, мыйзамсыз миграцияга, чек аралар аралык кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөшүп, баңги трафигине жана аткезчиликке ишенимдүү бөгөт болушууда.
Мамлекет тарабынан Чек ара кызматын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртуу, чек арачылардын эмгек маянасын жогорулатуу, социалдык жактан коргоо, алардын үй-бүлөлөрү менен ыңгайлуу батирлерде жашоосун камсыз кылуу боюнча кийинки жылдары көп иштер жасалууда. Бул аракеттер мындан ары да улантылат. Анткени үй-бүлө – чек арачы үчүн ишенимдүү тыл.
Майрам күнү биздин ардагерлерибизге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин күлгүн жаштык курагыңыздар чек арада кызмат кылуу менен өттү. Бүгүн бай тажрыйбаңыздарды жаш муундарга үйрөтүп, аларды татыктуу тарбиялоого баа жеткис салым кошуп жатасыздар.
Улуу Ата Мекендик согуштун кандуу майдандарында каармандык көрсөткөндөрдүн, Баткен окуялары учурунда Ата Мекен үчүн кырчындай өмүрү кыйылгандардын жана тынчтык күндөрү чек арада мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген террорчулар, аткезчилер менен бетме-бет кармашып курман болгондордун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталып калат.
Урматтуу чек арачылар жана ардагерлер!
Дагы бир ирет сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм!
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн жооптуу жана сыймыктуу кызматта жаңы ийгиликтерди каалайм. Кыргыз мамлекетинин чек арасы достуктун, шериктештиктин жана кызматташуунун чек арасы болсун. Сүйүктүү өлкөбүздө жана бүт аймагыбызда ар дайым тынчтык жана ынтымак-ырашкерлик орносун".