Депутат парламент жыйынында галстугу жок, баш кийимчен жана футболкачан отурган чиновниктерди сындады

Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков талаптагыдай кийинбеген өкмөт өкүлдөрүн сынга алды.

"Биз парламенттик журналисттерге кийим боюнча талап коёбуз. Чиновниктерге да ушундай талаптар бар. Убагында төрага бир министрди галстугу жок отурганы үчүн жыйындан чыгарып жиберген болчу. Карасаңыздар, өкмөт өкүлдөрүнүн бири футболкачан, бири баш кийимчен, айрымдары галстугу жок отурушат", - деп нааразы болду Момбеков.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Момбеков менен макул болуп, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Аширбек Темирбаевди өкмөт өкүлдөрүнө талапка ылайык кийинүү боюнча тапшырма берүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан