Эртең Уфа шаарында кыргыз-орус аймактар аралык конференция өтөт

Эртең, 2-июнда Уфа шаарында кыргыз-орус аймактар аралык V "Евразиялык интеграциялык процесстин алкагындагы аймактар аралык байланыштын өнүгүүсү" аттуу конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан билдиришти.

Бул конференцияда кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектейт. Ошондой эле делегациянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, бир нече министрликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик башкармалыктарынын жетекчилери жана ишкерлер киришти. Конференцияда Кыргыз Республикасы менен Орусиянын субъектилеринин экономика жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маселелер каралат.

"Өзгөчө көңүл кыргыз айыл чарбасынын азыктарын Орусиянын аймактарына жеткирүүнү уюштуруу маселелерине бөлүнөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан