Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин ишмердүүлүгүн текшерүү маселеси көтөрүлдү. Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, аталган департаменттеги дары-дармектер мөөнөтү өткөн же жасалма болушу мүмкүн.
"Мага акыркы 2 айдан бери академиктер жана профессорлор кайрылып жатышат. Алар департаменттеги дарылар жасалма, мөөнөтү өтүп кеткенин жазышууда. Дарыларга текшербей эле уруксат берип коёт экен. Албетте, жөн эле бере коюшпайт. 500-1000 долларга берилет экен. Департаментти бир эле адам 15 жылдан бери башкарып келе жатыптыр. Анын мөөнөтү Акаевдикинен да көп экен. Менимче, мынча узак убакыт кызматта отурган башка эч ким жок. Ошондуктан аталган мекеменин ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуш кылам", - деди Момбеков.
Белгилей кетсек, учурда Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментин Рустам Курманов жетектеп келет.