Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Евразия экономикалык биримдиги жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну бекитүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда президенттик аппараттын
маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
"Макулдашууну ратификациялоо 90 пайыздан ашык товардык позициялар боюнча эркин соода режимин камсыз кылат. Алымдарды жокко чыгаруу жана рынокторго кирүү режимин бошотуу эки баскыч менен жүргүзүлөт. Товардык позициялардын бир бөлүгү боюнча биринчи баскыч макулдашуу күчүнө киргенден башталат, калган бөлүгү боюнча экинчи баскыч – кыска өткөөл мезгил ичинде", - деп айтылат маалыматта.
Макулдашуу товарларды, кызматтарды соодалоо, бажылык администрациялоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, инвесторлор киргизген капиталдык салымдар, интеллектуалдык менчик, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык, туруктуу өнүгүү, электрондук соода маселелерин камтыйт.
Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.