КҮНСЕРЕП: Депутаттар “бизди сулуу көрсөтпөй жатат...” деп күзгүгө нааразы

Бүгүн, 2-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

“Центерра” компаниясы “Кумтөр” долбооруна байланышкан талаштар боюнча кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн арбитраждык сотко кайрылганын маалымдады. Компания экологиялык мыйзам бузуулар боюнча өкмөт коюп жаткан дооматтарга макул эмес. Ал Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын “Кумтөр” тарабынан “Центерранын” пайдасына 2013-жылдын декабрында төлөнгөн 200 миллион доллар дивидендди кайтаруу талабына, 2016-жылга тоо-кен иштеринин жылдык планын, экологиялык экспертизаны жана бир катар олуттуу уруксат кагаздарын кыргыз өкмөтү кечиктирип жатканын да айтып арызданды. Эске салсак, “Кумтөр” экологиялык эрежелерди бузду деген арыз боюнча Бишкек шаардык райондор аралык соту тарабынан 6,7 миллиард сом доого жыгылган.

Кыргыз өкмөтү “Центерранын” бул аракетине жооп кайтарды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чечимдери күчүндө каларын, экологиялык маселелер улуттук мыйзамдардын негизинде жөнгө салынарын, жаратылышты коргоо талаштары боюнча компания өкмөттүк органдардын буга чейинки эскертүүлөрүн тоготпой келгенин билдирди. Кыскасы, “биздики туура” деди...

“Кумтөр” маселесинде өкмөт бир аз жанданды... “Центерра” өзүнүн доо арызында “олуттуу уруксат кагаздарын кечиктирип жатат” деп өкмөттү күнөөлөп жатат. Бул уруксат суроого байланыштуу канадалык тараптын биринчи жолку нааразычылыгы эмес. 2014-жылы “Центерра” алтынды жер астынан казууда чыгымы көбөйүп кетерин айтып, кенди чапчып казуу үчүн “Кумтөрдүн” тегерегиндеги 15 миллион тонна мөңгүнү бузууга уруксат сураган. Мындан улам Темир Сариев жетектеген өкмөт Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке киргизгени белгилүү. Өкмөт өкүлдөрү: “Кумтөр” кенинде оор кырдаал түзүлдү, мөңгүнү бузуп башка жерге жылдырууга уруксат бербесек, ишкана 2015-жылдын 6-июлунда токтойт”, - деп чыгышкан. Бул сөздү айткандардын айрымдары азыр да өкмөттүк түзүмдө иштеп жүрүшөт.

“Ата мекенчилер” мөңгүнү бузууга уруксат сураган мыйзам өлкө кызыкчылыгына каршы келерин, мыйзамды колдоо кыргыз тараптын “Центеррага” коюп жаткан бардык экологиялык доолорунан баш тартуу болорун билдирип, сунушту четке каккан. "Центерра" Давыдов мөңгүсүнөн тышкары 5 мөңгүнү талкалагысы келип жатат. Бул – чыккынчылык. Өкмөт депутаттарды ушуга добуш берүүгө көндүрүүнүн аракетин көрүүдө", - деген Өмүрбек Текебаев.

Парламенттин өзүндөгү, коомдогу катуу каршылыктарга карабай мыйзамдын долбоору 2 окуудан өткөн. Документке биринчи окууда 70тен ашык депутат "макул", 33 депутат "каршы" деп добуш берсе, экинчи окууда 52 депутат колдоп, 39 депутат каршылыгын билдирген. Үчүнчү окууга киргизилер алдында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мыйзам долбоорун добуш берүүдөн алып салуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештен күтүүсүз кайрылуу жасаган. “Ата мекенчилерге” КСДП бул маселе боюнча кошулгандан кийин, 2015-жылдын июнь айында мыйзам долбоорду өкмөт артка чакыртып алган. Арадан 1 жыл өттү, “кокуй, токтоп калат” делген ишкана дале ишин улантууда...

Өкмөт “Центеррага” жооп кылып кыргыз тарап да эл аралык арбитражга кайрыларын же кайрылбасын ачыктабай, компаниянын дооматтарын дыкат иликтеп чыккандан кийин кандай кадам таштаарыбызды чечебиз деп карманып турат... Мөңгүлөр жок кылынды, жер кыртышы бузулду, экология ууланды... Азыр “Центерра” баштаган аракетти өзүнө каршы буруп, бул маселени биротоло чечип алууга аракет керек. Албетте, ыңгайлуу мындай кырдаалды өткөрүп жиберип, болгонун болгондой калтырууну көздөгөндөр эле кайрадан утуп кетпесе...

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдө көрсөтүлүп жаткан тасмалардагы порнографияны аныктоо үчүн атайын эксперттик комиссия түзүүгө жобо иштеп чыкканы белгилүү болду. Жобо өкмөттүн сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Өлкөдөгү тасмалар мекемелер аралык комиссия деген аталышта чогултулган 9 адамдын элегинен өтөт. Жаңы тасма адегенде талкууга салынып, комиссия “уят” деген эпизоддор кесилип же оңдоп тартылышы керек болот. Бул аракеттин максаты - жашы жете элек өспүрүмдөрдүн порнографиялык жана башка терс багыттагы маалыматтарды алуусун чектөө. Документтин түшүндүрмөсүндө өспүрүмдөрдө терс багыттагы маалыматтарды көрүү коомдогу кылмыштуулук көрүнүшүнүн өсүшүнө жана агрессивдүү жүрүм-турумдун пайда болушуна алып келери айтылат.

Кыргыз өлкөсүндө кино тармагы жаңыдан бутка туруп келе жатат. Жылына саналуу эле кино тартылат, алардын жакшысы менен начарын айырмалап алуу көрөрмандын эркиндеги иш. Интернет өнүккөн азыркы заманда он чакты кыргыз тасмасын тескөө менен көйгөй чечилип кетпейт. Азыр тасмаларга караганда кыргыз коомчулугунда пайда болгон башка бир жаман адатты жоюуга аракет көрүү керек. Акыркы жылдары жарандардын интимдик мамилелери жашыруун тартылып алынган видеолорду интернет аркылуу жайып жиберүү адатка айланды. Мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиев, журналист Адилет Айтикеев ушундай жапайычылыктын курмандыгы болушту. Ал видеолорду кимдер тартты, кимдер таратты, жаза алыштыбы-жокпу, коомчулук кабарсыз калды. Көркөм тасмаларды көзөмөлдөөнү коё туруп, коомду ушундай илдеттен арылтууга аракет кылуу керек...

Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн жоруктарын массалык маалымат булактарынан окугандан уялып жатышат. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров интернет басылмаларында терс маанайды жаратуучу жаңылыктардын көбөйүп кеткенин, эл өкүлдөрүнүн мушташтары кеңири чагылдырылып жатканын айтып, журналисттерге нааразы болду. Бирок парламентарий педофилдик, врачтардын шалаакылыгы, коррупция, депутаттардын мушташтары өңдүү кылмыштуулуктун күчөп кетишине журналисттердин кандай тиешеси бардыгын түшүндүргөн жок. Кыскасын айтканда, “бизди сулуу көрсөтпөй жатат...” деп күзгүгө нааразы болду. Позитивдүү жаңылыктарды окугусу келсе, депутаттар кылмыштуулукту азайтууга, коррупцияны жоюуга, элдин жашоосун жакшыртууга, балдардын укугун коргоочу мыйзамдарды кабыл алууга, мыйзамдардын бардык жарандарга бирдей иштешине кам көрүүлөрү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан