Президент Алмазбек Атамбаев Европа тышкы ишмердик кызматынын башкы катчысы Ален Ле Руа менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июнда өлкөбүзгө иш сапары менен келген Европа тышкы ишмердик кызматынын башкы катчысы Ален Ле Руа менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери, ошондой эле ар кыл чөйрөлөрдөгү мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн негизги багыттары талкууланганы белгилүү болду.

"Мамлекет башчысы көрсөтүп жаткан жардамдары үчүн, анын ичинде заманбап биометрикалык технологияларды пайдалануу менен Жогорку Кеңешке шайлоолорду ачык жана адилет өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн Европа биримдигинин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы боло турган президенттик шайлоону да өткөрүүдө европалык өнөктөштөр маанилүү роль ойной турганына үмүт артарын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Европа тышкы ишмердик кызматынын башкы катчысы Ален Ле Руа Европа биримдиги өлкөдө демократияны чыңдоо боюнча аракеттерди колдоону уланта тургандыгын, ошондой эле орчундуу багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшө тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан