Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары чогулушат (тизме)

6-7-июнь күндөрү Бишкек шаарында КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгынын астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити өтөт. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада шериктештикке мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө багытталган 22 маселе каралмакчы, 7 эл аралык келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

"Өкмөт башчылары эркин соода аймагы, инновациялык кызматташтык, электр энергетика тармагы, химиялык өнөр жай жана башка тармактарда кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашат", - деп айтылат маалыматта.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев;

Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков;

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов;

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода;

Молдованын премьер-министри Павел Филипп;

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков;

Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдуллы оглы;

Армениянын вице-премьер-министри Ваче Габриелян;

Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев.

Мындан тышкары Түркмөнстан менен Украина тарабынан ким келери азырынча такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан