"Депутаттардын артыкчылыктардан баш тартуусу – өлкөдө жаңы жөрөлгөнүн калыптануу жышааны", - деди бүгүн, 3-июнда маалымат жыйынында депутат Наталья Никитенко.
Анын айтымында, Жогорку Кеңеш тарабынан өлкөнүн социалдык мекемелерине берилген 23 автоунаанын бири гана жараксыз болуп чыккан, калганы толугу менен пайдаланылууда. "Депутаттардын автоунаа сыяктуу артыкчылыктардан баш тартуусу өлкөдө жаңы жөрөлгөнүн, саясий маданияттын калыптануу жышааны болуп саналат. Мамлекеттик кызмат адамдары азыр кирешелерин эле эмес, ар жылдык чыгымдарын да ачыкка чыгарып, той-аштарды өткөрүү каадасынан, ар кандай ашыкча чыгымдардан баш тарта баштады. Биз мындай демилгелерди колдошубуз керек", - деди депутат.