Сооронбай Жээнбековго КМШ өкмөт башчыларынын саммитине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берилди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 6-июнда КМШнын Аткаруу катчысы Сергей Лебедевди кабыл алды. Өкмөттөн кабарлагандай, Лебедев Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине 7-июнда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШнын өкмөт башчыларынын саммитин өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда өкмөт башчыларынын кезектеги саммитинин күн тартиби талкууланды. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн башка маселелер боюнча пикир алышуу болгону айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан