Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өлкөсүндө жашагандарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
“Урматтуу мекендештер!
Кадырман момун мусулмандар!
Сиздерди момун мусулмандар ар дайым илгери үмүт жана асыл тилек менен күткөн Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул айда ар бир мусулман баласы денесин гана эмес, жан дүйнөсүн тазалап, жакшылыктарга ниет кылат. Жаман ой, жаман сөздөн алыс болууга, колунда жокторго каралашып, садага берүүгө, жакындары менен мамилени дагы бекемдөөгө умтулушат.
Ар бирибиз күнүмдүк түйшүктөн бойду жыйып, "Жараткан берген өмүрдү маңыздуу, адал жашап жатамынбы?" деген суроого жооп издейбиз. Эгер ар бирибиздин ой-дилибиз таза болсо, үйүбүз, коомубуз таза болот.
Ар бир үйдүн коломтосу дайыма жанып турсун, асыл максаттарыбыз орундалсын, ак тилектерибиз Жаратканга багышталсын.
Бардык жарандарыбыздын, мамлекетибиздин мындан ары да ынтымакта, эркиндикте жана бакубатчылыкта өмүр сүрүшүн Жараткандан тилейбиз.
Мекенибизге ачык асман, элибизге бакыт-таалай каалайм!
Орозобуз кабыл болсун!"