Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 5 документке кол коюлду. Алар:
1) Мунай жана мунайзатты ташуу боюнча кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин долбоору;
2) Социалдык-эмгек тармагында кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Орусия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы келишимдин долбоору;
3) 2016-2017-жылдарга КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу программасынын долбоору;
4) КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматы менен Орусиянын Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору;
5) Мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Орусиянын Байланыш жана коммуникациялар министрлигинин ортосундагы меморандумдун долбоору.
Айта кетсек, Д.Медведев 6-7-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитине катышат. Иш сапар алкагында ал президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушууларды өткөрөт.