Парламент комитетинде жума намазы үчүн түшкү эс алууну 2 саатка чейин узартуу тууралуу мыйзам долбоору каралды

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинде жума намазы үчүн түшкү эс алууну 2 саатка чейин узартуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Бул мыйзамдын демилгечиси, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын депутаты Тазабек Икрамов мусулмандардын жума намазга барышына шарт түзүү керектигин айтты.

"Жума намазы үчүн түшкү эс алууну 2 саатка чейин узартып, бирок иш тартибин өзгөртүп гана коёбуз. Мисалы, жумуш 18:00дө бүтсө, жума күнү түшкү эс алуу узартылганына байланыштуу жумушту 19:00гө жылдырып коёбуз", - деди депутат.

Бир катар депутаттар ага каршы чыгып, светтик мамлекетте бир динге өзгөчө шарт түзүп, атайын убакыт бөлүү башка динди туткандар менен динден алыстардын укугун басмырлоого алып келиши мүмкүн экенин билдиришти. Ошондой эле көпчүлүк аялдар мечитке барбагандыктан, жумуш убактысын 19:00гө чейин узартканга каршы чыгышарын депутаттар айтып чыгышты.

Бул мыйзам долбоорун палатанын талкуусуна алып чыкмай болушту.

Эске салсак, мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу жума күндү дем алыш деп жарыялоо демилгесин көтөрүп, ал парламентте колдоо тапкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан