Бүгүн, 7-июнда Бишкекте Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин VI жыйыны өтөт. Жыйын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов тар жана кеңири курамдагы жолугушуу өткөрөт.
Жыйын соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат жана андан кийин эки өлкөнүн өкмөт башчылары жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү менен чыгышат. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.