Бүгүн, 4-апрелде футзал боюнча Казакстандын Өлкө чемпиондугунда Бишкектин “Дордой” командасы жыйынтыктоочу мелдешин өткөрөт. Маалым болгондой, “Дордойдун” футболчулары карагандалык “Тулпар” командасы менен беттешмекчи. Мелдеш эртең соңуна чыгат. Эске салсак, 17 мелдештин ичинде бишкектик команда 27 упай топтоду. Учурда “Дордой” командасы чемпиондуктун 8-орунунда келе жатат.