Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү демилгесин комитетке тааныштырат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү демилгесин бүгүн, 21-июнда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине тааныштырат. Депутаттардын суроолоруна жооп берип, өзгөртүүлөрдүн негизги себеби эмнеде экени тууралуу аргументтерин айтат.

Белгилей кетсек, өкмөт жетекчиси Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникация министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигин кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартууну, иштеп жаткан бир катар агенттиктердин алдында комитеттерди түзүүнү сунуштап жатат. Жаңы түзүлчү органдарга бюджеттен кошумча акча сарпталбасы жана кызматкерлердин саны көбөйтүлбөй турганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан