Мектептен компьютер уурдады деп шектелип бир аял колго түштү

Чүй облусунун Кемин РИИБинин кызматкерлери мектептен компьютер уурдады деп айыптап бир аялды кармашты. Кылмышка шектүү аял Орловка шаарынын 31 жаштагы тургуну Р.Любовь. Чүй ОИИБи билдиргендей, аталган шаардагы №1-мектептин директору милицияга арыз менен кайрылып, уурдалган буюм тууралуу маалымат берген. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган аял кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baibolot71
2013-04-08 09:30:36
Бечера аял контрстрайк же ГТА ойноюн деген го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан