Бишкек шаарындагы Келечек жаңы конушунан бир жарым жаштагы баланы уурдап кеткен деп айыпталып, Эрмек аттуу жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, 27 жаштагы шектүү жаран 6-апрелде колго түшкөн. Маалым болгондой, баласынын уурдалгандыгы тууралуу Мехрин аттуу айым милицияга кайрылган. Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, кылмышка шектүү жаран өз баласын уурдаган. Учурда фактыны толук иликтөө иштери жүрүүдө.