Бириккен күрөш дүйнөсү уюму (UWW) май айында "допинг колдонду" деген себеп менен жолдомо уткан 7 спортчунун жолдомосун жокко чыгарган. Алардын катарында польшалык Магомедмурад Гаджиев жана кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев да болгон. Бул окуя боюнча Польшада сотко кайрылуу демилгеси көтөрүлдү, бирок иш сотко жеткенге чейин федерация спортчуларга жолдомону кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Эсиңиздерде болсо, "кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеевдин канынан мельдоний табылган" деген маалымат тарап, 85 килограмм салмакта күрөшкөн балбаныбыздын жолдомосу индиялык Равондер Хатриге берилген.
Ошондо Бразилияда өтө турган Олимпиадага 18 кыргыз спортчусу барат. Жолдомо ээлери: жеңил атлетикадан Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина, Илья Тяпкин, грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев, Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, эркин күрөштөн Магомед Мусаев, Айаал Лазарев, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова, мушкер Эркин Адылбек уулу жана оор атлетика боюнча улуттук курам, дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Отар Бестаев. Ошондой эле атайын чакыруу менен сууда сүзүү спорту боюнча Денис Петрашов жана Дарья Таланова мелдешке катышат.