Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьёвго кылмыш иши козголгонун бүгүн, 8-апрелде Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, экс-жетекчи кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана шалаакылык беренелери боюнча айыпталууда. Эске сала кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министринин буйругу менен 2-апрель күнү кызматтан бошотулган. Театрдын ичиндеги бир катар жабдыктарды да көтөрүп кетип, ал жердеги иштердин үзгүлтүккө учурашына алып келген. Учурда тергөө иштери башталганы кабарланды.