15-ноябрь күнү "Манастагы" транзиттик борбор Төмөнкү Чүй айылында поликлиниканын ачылышын өткөрөт. Иш-чарага аталган транзиттик борбордун жетекчиси Кори Мартин, ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Кыргыз өкмөтүнөн өкүлдөр катышат. Белгилүү болгондой, поликлиниканын жаңыланышына 100 миң доллар сарпталган жана ал 5 миң адамга медициналык кызмат көрсөтө алат.