Айпери Медет кызы Yaşar Doğu 2025 эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак категориясында кыз-келиндер күрөшү боюнча Yaşar Doğu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык турниринде биринчи орунду ээледи.
"Спортчубузга, машыктыруучуларга жана жалпы командага ыраазычылык билдиребиз! Сиздер менен сыймыктанабыз!" - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган турнир 26–29-июнь күндөрү Түркиянын Кожаэли шаарында өтүп жатат.